20 апрель 2026

Кароолор: 4

Ардагерлер үчүн камкордук — ынтымакты бекемдеген сапар

Ардагерлер үчүн камкордук — ынтымакты бекемдеген сапар

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимовдун демилгеси жана колдоосу менен, кошуна мамлекеттердин чектеш облустарынын элдери менен ынтымакты чыңдоо, карым катнашты өнүктүрүү максатында, ардагерлер үчүн эс алуу уюштурулду.

Жакын кошуналык мамилелерди бекемдөө менен ден соолукту чыңдоо үчүн уюштурулган саамалыкка, ар кайсы тармакта көп жыл эмгектенип, ардактуу эс алууда жүргөн ардагерлер чакырылган.

Алар Өзбекстан Республикасынын Фергана облусуна караштуу Чимён айылында жайгашкан Нурафшан санаториясына 10 күндүк дарылануу жана эс алуу үчүн жөнөтүлдү.

Санаторийде аксакалдар Өзбекстандын ар тарабынан чогулган ардагерлер менен бирге эс алышат.

Аксакалдарды өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков коштоп барды.Аларды Фергана облусунун башчысынын орун басары Хуршеджон Ахмедов тосуп алып, жетекчилер бул иш-чара улуу муунга болгон сый-урматтын жана эки элдин биримдигинин белгиси экенин белгилешти.

КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы